Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

ӨРӨӨНДҮН ТЫНЧТЫГЫНА ДҮЙНӨ КЫЗЫКДАР


Фергана өрөөнү –дүйнө коомчулугунун көз кырында турат. Маңзаттарынын кан жолуна айланган өрөөндө эл аралык терроризм, диний экстремизм, наркобизнес, чек ара проблемалары, өлкөлөр аралык суу проблемалары олуттуу экендигин коопсуздук кызматтары белгилесе, Жалалабат облусунун өкүлдөрү террорчулук турмуштун оордугунан пайда болоорун жана өрөөндөгү тынчтыкты сактоо үчүн демократия, ачык айкындуулук жетишпей аткандыгын айтышат.

Турмуштун оордугу менен жумушсуздук күчтүү болгон Фергана өрөөнүндө баш катырчу проблемалар арбын. Жакырчылык 66 пайыз болгон Кыргызстандын түштүк аймактарында эле 600 миңден ашык үй-бүлө турак-жайга муктаж.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Марат Иманкуловдун пикиринде, өрөөндөгү эл аралык терроризм, диний экстремизм, коррупция өңдүү маселелерди коомчулуктун катышуусунда чечүү мүмкүн:

- Социалдык проблема болуп турган – бул эл аралык терроризм, диний экстремизм,, чегара, баңгизат проблемалары. Ооганстандан келаткан баңгизаттарды биздин аймак арыкылуу Бишкеке алып барып, андан ары Орусияга, Европа мамлекеттерине тараткан фактылары болууда. Коррупция проблемалары да бар. Коррупцияны жок кылыш үчүн биздин мамлекеттик мекемелер эмес, эл жапырт иштеш керек.

Жалалабат облусундагы «Тынчтыкты куруу» деген коомдук бирикменин башчысы Индира Раимбердиева дүйнөнүн кызыгуусун туудурган өрөөндө өлкөлөр аралык суу, улуттар аралык мамиле, миграция, экология, коомдук тартип түйшүктөрү олуттуу экендигин айтты:

- Суу маселеси боюнча, биринчиден суунун жетишпегендиги. Экинчиден жер астындагы суу чыкмай. Этникалык аздыктын өзүнүн улуттук тилинде билим алуу. Үчүнчү проблема – бул миграция жана атуулдук проблемасы. Бул маселени эң татаал деп санайм.

Өлкөдө расмий катталбаган партиянын мүчөсү Абдрахман Жолчиев расмий кызматтардын «террорчулукту «Хизб-ут-Тахрир» сыяктуу жашыруун уюмдар жаратат» - деген ойлоруна кошулган жок:

- Өзбекстан жана Орусиянын президенттери басмырлык кылып Кыргызстанга өзүнүн саясатын өткөрүп атат, биз коңшубуз, бири-бирибизди колдошубуз керек деп. Чындыгында ал жерде террордук иштерди бийлик өзү чыгарат. Себеби эл канча кыйналса ошол жерде террордук иш ошондой көп болот.

Жалалабат шаарынын жашоочусу Абдымомун Мамараимовдун көз карашында, өрөөндүн коопсуздугу үчүн демократия, айкындуулук менен өлкө башчыларынын өз ара сүйлөшүүлөрү жетишпей жатат:

- Фергана өрөөнүн ачык өрөөнгө айландырыш керек. Биринчи кезекте маалымат жайылтуу багытта. Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүгө жол ачып бериш керек. Мамлекет башчылары биринчи кезекте таза көңүл менен ошол проблемаларды чечебиз деген ой, ниет менен отуруп сүйлөшүш керек .
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG