Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасынан сегиз туткун бошотулду


АКШ Коргоо министрлиги 20-июлда тараткан маалыматка караганда, Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында кармалган сегиз адам башка өлкөлөргө жөнөтүлдү, алардын экөө - мекени Ооганстанга кетти, үчөө Сауд Арабияга, ал эми бирден жигит Испания, Йордания жана Суданга жөнөтүлдү. Ал сегиз туткундун жетөө акталды, Испанияга жөнөтүлгөн адамга каршы болсо өзүнчө тергөө жүргүзүлөт. Базада азыр 510 шектүү адам кармалууда, Ооганстанга кайтып келген эки жигиттин айтымында болсо, базадагы шарттар өтө начар жана жүзгө жакын туткун ачкачылык да жарыялаган.

XS
SM
MD
LG