Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Г. Шрөдер К. Бакиев менен сүйлөштү


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Германиянын федералдык канцлери Герхард Шрөдер менен 20-июлда телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө тараптар мамлекет аралык кызматташтык жана БУУнун коопсуздук кеңешин реформалоо жөнүндө пикир алмашышты. Курманбек Бакиевди президенттик шайлоодо жеңип чыгышы менен БУУнун баңгизаттарга көзөмөл жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Антонио Марио Коста 21-июлда куттуктады. Ал куттуктоо телеграммасында билдиргенге караганда, БУУнун аталган башкармалыгы мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга техникалык жардамын кеңейтет. 21- июлда Курманбек Бакиевди ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Ян Кубиш да куттуктады.

XS
SM
MD
LG