Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

ОШТУН ЖҮЗ ЧАКТЫ ТУРГУНУ 16 ГЕКТАР ЖЕРДИ БАСЫП АЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 21-июль күнү Карасуу районуна караштуу Достук бажыкана аймагындагы кыргыз-инди биргелешкен ишканасына таандык 16 гектар жерди Ош шаарынын жүзгө жакын тургундары турук-жай куруу максатында басып алышты. “Холсейл интернешнл” кыргыз-инди биргелешкен ишкана жетекчилиги мыйзамдуулукту сактоодо жергиликтүү бийлик органдары алсыздык кылып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз-өзбек чегара тилкесине жакын аймактагы Карасуу районунун Достук участкасында жайгашкан 16 гектар жерди басып алышкан адамдардын өкүлү өзүн Камбаралы Жумашев деп тааныштырган шаар тургуну, 10-15 жылдан бери кезекте турушуп, үй сала албай жүргөн адамдар биригип мыйзамсыз түрдө жер басып алууга аргасыз болушкандыгынын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Канча жылдап бир бөлмөдө балдар, кыздары менен сасып-ирип жаткандыктан аргасыздан ушуга жетти карапайым калк. Өзүбүздүн калкка бул жер жетет. Азыр бир адамдын кызыкчылыгын көздөйт. Бул жерде 82 адам жер алып жашап калса, жакшынакай Кудай кошкон кошуна болуп жашайт беле.

Ош шаардык архитектура башкармалыгынын маалыматына караганда, Ошто ырасмий түрдө 7 миңге жакын үй-бүлө жер алуу үчүн кезекте турушат. Алардын 4 миңге жакыны турак-жайга өтө муктаж үй-бүлөлөр.

Жер басып алуучулардын лидерлеринин бири, өзүн Рахима Матраим кызы деп тааныштырган адам, мамлекеттик бийлик жер маселесин мыйзамдын чегинде чечип бербей турган болсо, шаардын ичиндеги жана ага жакын жайгашкан жерлерди күч менен басып алууларды уланта берише тургандыктарын жарыя кылды:

- Бийлик биздин жерге болгон талабыбызды чечип бербесе, биз шаардын ичиндеги 6 сотыхтан ашык жери бар мейманкаларга кирип жашайбыз. Атса атсын, жүрөгүбүздү тосуп беребиз.

Кызылкыштак айыл өкмөтүнөн алынган маалымат боюнча аталган участок 2004-жылы өкмөттүн чечими жана айыл кеңештин макулдугу менен “Холсейл” кыргыз-инди биргелешкен ишканасына 49 жылга ижарага берилген. Ишкана жетекчиси Мурат Жээнбеков, кыргыз-өзбек чегара тилкесине жакын жайгашкан бул жер соода борборун куруу үчүн мыйзамдын негизинде берилгендигин белгиледи.

Аталган жер участоктору 2004-жылга чейин Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик жер фондунун эсебинде болгон. Кыргыз-инди ишканасынын жетекчиси Мурат Жээнбеков жер басып алуучулар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп жаткандыгын билдирди:

- Мына өзүңөрдүн көзүңөрчө бардык документтерди көрсөтүп бердим. Эми билбейм кандай болот? Органдар чара көрөбүз деп атат, өздөрү чара көрсүн. Мен айтып атам, силер мыйзам чегинде чечкиле, биздин силерге эч кандай каршылыгыбыз жок. Бизге өкмөт берген, бизден өкмөт алат. Силер өзүңөрчө келип алып өкмөттү укпай, башканы укпай турган болсоңор биз да чара көрөбүз деп.

Жер басып алуучулардын айрымдары облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков маселени өзүндө чечкенге алсыздык кылып жатат деген оюн айтып, коюлган талаптарды угууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү көңүл буруп, маселени тез арада чечип бербесе, кум-таштарды төгүп, турак-жай куруу иштерин баштоого кирише тургандыктарын билдиришти:

- Облустун губернатору Анвар Артыков келип өзүнүн жүзүн үйрүп элден, эл менен адам болуп ошол жерде барып отурду эле. Бирок ошону эсинен чыгарып койду. Кайда барсаңар ошол жака баргыла, биз силерге жер бере албайбыз дейт. Бул сөздү карапайым эл биз жерибизди сатабыз, чөнтөгүбүзгө иштейбиз деп түшүндүк, - дейт жер басып алуучулардын лидерлеринин бири Динара Камалова.

Жер басып алууга байланышкан кырдаал боюнча Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков толук маалыматы жок экенин айтуу менен комментарий берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG