Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Кытай улуттук валютасынын курсун АКШ долларына гана байлоо эрежесин өзгөрттү


Бул тартип бүгүнтөн тарта жоюлду. Мунун ордуна Кытайдын Борбордук банкы башка бир катар чет элдик валюталарды да колдонмокчу. Соңку он жылдын ичинде биринчи ирээт жасалып жаткан мындай кадамдын натыйжасында юандын АКШ долларына карата курсу 2%га жогорулашы мүмкүн. Мурда бир доллар 8,28 юань турса, эми ал 8,11 юань болот. Бирок кытай бийликтери улуттук валютанын курсун стабилдүү деңгээлде кармаарын билдирүүдө. АКШ Кытайдын ийкемдүү валюта системасына кадам таштоосун кубаттады. Ал юандын долларга карата курсу эл аралык базарда кытайлык экспортчуларга артыкчылык берүү максатында жасалма төмөндөтүлүп жатканын узактан бери эле айтып келген болчу.

XS
SM
MD
LG