Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

ДОНАЛЬД РАМСФЕЛЬД КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛАТАТ


Эмдиги аптанын башында Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, Кошмо Штаттардын расмий өкүлү Кыргызстандын жаңы шайланган президенти, коргоо министри менен жолугушуп, анда чөлкөм коопсуздугу маселесин талкууламакчы.

АКШ Коргоо министринин Кыргызстанга иш сапары Шаңхай кызматташуу уюмунун Астанадагы жыйынынан соң чукулунан башталып отурат. Орусия, Кытай сындуу лөк мамлекеттердин башын кошкон уюм Кыргызстандагы АКШнын аскерий базасынын качан чыгарылып кетерин так аныктап берүү өтүнүч-талабын билдирген. Антишке Ооганстандагы ички саясий-аскерий кырдаалдын турукташып калганын жүйөө тарткан.

Дональд Рамсфельддин иш сапары учурунда талкууланчу маселелердин анабашында чөлкөм коопсуздугу маселесинин коюлуп атышынын себеп-жөнү деле белгилүү. Астанада айтылган Шаңхай кызматташуу уюмунун сестүү эскертүүсүнө Кошмо Штаттардын өкмөтү кандай жооп даярдап жатканы болсо азырынча белгисиз.

Кыргызстандагы расмий сүйлөшүүлөрдө негизинен эки маселе талкууга алынат, дейт Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Арслан Анарбаев.

- Борбор Азияда жайгашкан АКШ аскерий базаларынын тутумунда чөлкөм коопсуздугу маселеси, буга Ооганстан да кошулат, талкууланмакчы. Экинчи маселе аскер жаатындагы аскерий-техникалык кызматташууга байланыштуу.

Эларалык террорчулукка каршы күрөштүн кызуу кезинде Кыргызстанда жайгашкан АКШнын аскерий базасы постсоветтик Борбор Азияда таасирин жогото баштаган Орусияны өзгөчө ойлонтуп, мындан эки жыл илгери жамааттык коопсуздук келишиминин негизинде Кантта аскер-аба күчтөрүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн алган. Канттагы орусиялык аскерий база тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди орус Мамдумасы жактырды, 21-июлда мыйзамга президент В. Путин кол койду.

Ошондон улам Шаңхай кызматташуу уюмунун орусиялык аскерий базанын Кыргызстанда жайгашуусун жактырып, АКШны кодулап жатканы ачыкка чыгат.

Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун ырасташынча, Шаңхай кызматташуу уюмунан башкача мамилени күтүү кыйын.

- Авторитарлардын баары чогулуп алып, И. Каримовду айтпай эле коеюн, АКШ аскерий базасын качан алып чыгып кетет деп жатышат. Шаңхай кызматташуу уюмунун кандай иши бар? Биз мамлекет катары АКШ менен келишим түзгөнбүз. Канчага турат, эмнеге турат? Бул өзүбүздүн гана жеке ишибиз болуш керек. Менин жеке оюмча, АКШнын бул жерде турганы кыргыздар үчүн, кыргыз мамлекети үчүн эң чоң пайдалуу. Бул жерде Американын аскерлери турса мынабу жаныбыздагы авторитардык кошуналар бизге сугун артпайт.

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикири боюнча, Шаңхай кызматташуу уюмунун сестүү эскертүүсүн эсепке алып АКШ бул жерден аскерий базасын алып чыгып кетиши күмөн.

- АКШ өзүбүздүн кызыкчылыгыбыздын алкагында деп жарыялагандан кийин Кыргызстандын аскерий базасын алып чыгып кетиши өтө күмөн. Американын лөктөрү биздин чөлкөмгө ары өтүп, бери өтүп, жөн эле визит менен келе бербейт. Булар өзүнүн позициясын мыктай кагыш үчүн келишет. АКШ Шаңхай кызматташуу уюму менен теңтайлаш ойнобой эле, ШКУну ары сүрүп таштап, өзүнүн кеңири пландарын түзүүгө аракет кылып атышат.

Кыргызстанда чет элдик эки аскерий базанын турушун мурдагы президент «акылдуу музоо эки уйдун эмчегин эмет» принциби менен түшүндүрчү. Анткен менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон калктын козголушу күчөп, бийлиги калтылдап калган чагында А. Акаев айыпты АКШга шылтай баштаган. Ушундай эле маанай Анжияндагы окуялардан соң расмий Ташкенде сезилип, анын жаңырыгы аз өтпөй Астана аркылуу Шаңхай кызматташуу уюмунан угулду. Эмки маселе - аны АКШ угар бекен?

XS
SM
MD
LG