Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүн ачты


БИШКЕК. “Башкы прокуратуранын түзүмүн кылдат караштырып жатабыз. Бири-бирин кайталаган бөлүмдөр кыскартылат. Негизинен натыйжалуу иштөөнүн, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтөбүз”-деп билдирди Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 22-июлда. Анын айтымында, кылмыштуу жол менен келген кирешелерге жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуучу Башкы прокуратурада атайын башкармалык түзүлгөн. Ал ошондой эле прокуратурада кадр маселеси тандап алуу жолу менен жүргүзүлүп, комиссиянын иштери ачык болуусу үчүн алардын курамына массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери киргизилгендигин белгиледи. Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгына Жумадыл Макешов дайындалды. Ал буга чейин Ысыккөл облустук прокуратурасын жетектеп келген. Башкы прокурордун дагы бир орун басарлыгына Канат Аманкулов дайындалды. Ал эми Учкун Каримов Бишкек шаарынын башкы прокурору болуп калды.

XS
SM
MD
LG