Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

ЖУРНАЛИСТ ЭРКИН ЯКУБЖАНОВДУН ТАГДЫРЫ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 18-июль күнү Достук кыргыз-өзбек чегара тилкесинде Өзбекстандын чегарачылары тарабынан кармалган кыргызстандык студент-журналист Эркин Якубжановдун тагдыры алигиче белгисиз болуп жаткандыгына жакындары тынчсызданышууда. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов журналист Эркин Якубжановдун кармалышынын себептерин аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Эркин Якубжанов Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнүн төртүнчү курсунда окуйт. Жайкы эс алуу учурунда ал “Фергана тынчтыктын өрөөнүбү, же кооганынынбы?” деген аталыштагы долбоордун алкагында Анжиян окуяларынын чыгыш себептери жана таасири боюнча аналитикалык материалдарды даярдап жүргөн.

Бул жөнүндө билдирген журналисттердин укугун коргоо бирикмесинин жетекчиси Алишер Токсонбаев Өзбекстандын чегарачылары тарабынан Кыргызстандык журналисттин кармалышы биринчи жолу эмес экендигин айтып өттү:

- 18-июль күнү биздин бир журналистибизди тоокту урдагандай эле, торбого салып алып кетишти. Эмдигиче дайыны жок. Ата-энеси да ызылдап жүрүшөт дейт. Бирок бизге байланышка чыкпай атат. Мен өзүм журналисттердин укугун коргоо фондунун жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин түштүк өкүлчүлүгүнө кайрылдым. Эки күн болду эмдигиче жооп жок.

Ал эми өзбек чегарачылары тарабынан кармалып кеткен Эркин Якубжановдун Карасуу районундагы эжеси Диляфруз Якубжанова Эркин жөнүндө алиге чейин толук маалымат болбой жаткандыгын айтып, анын Достук кыргыз-өзбек чегара бекетинен кармалып кеткенден кийинки тагдыры туугандарына белгисиз болуп жаткандыгын билдирди.

Диляфруз Якубжанованын сөзүнө караганда, Эркинди өзбек чегарачылары “Азаттык” радиосунун кабарчысы деген түкшүмөл менен кармашкан:

- Бул жерде диктофон менен интервью алганы жүргөн. Чегарачылар “Азаттык” радиосунун кабарчысы деп кармап кетишкен.

Диляфруз Якубжанова иниси Эркинди өзбек чегарачылары алгач Жалалкудук районуна, андан соң Анжиян шаарына алып кеткендиги жөнүндө гана такталбаган маалыматтар болуп жаткандыгын кабарлады:

- Жалалкудука барып, ал жерден Анжиянга алып кетишкен деген такталбаган маалыматты угуп жатабыз.

Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, өзбек чегарачылары студент-журналист Эркин Якубжановду чегараны мыйзамсыз бузуп өткөн деген айыптоо менен гана кармап жатабыз деген билдирүү жөнөтүшкөн.

Аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Бектур Аданов учурда Достук кыргыз-өзбек чегара бекетинде Эркин Якубжановдун өзбек чегарачылары тарабынан кармалышынын себептерин аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди:

- Алардын дооматы – чегарадан туура эмес жерден өткөн деп атат. Бул эми журналист болгондон кийин өзүнүн диктофону, кассеталары болгон. Алар ар түрдүү дооматтарды коюп атат деп айтыш кыйын, бул иштин аягына чыгалы, анан айтабыз.

XS
SM
MD
LG