Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

АБАКТАГЫ АДАМ БИР КҮНДӨ 17 СОМГО ТАМАК ИЧЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан абактарынан качып кеткен 28 коркунучтуу кылмышкер эмдигиче таптырбай жүрөт. Мамлекеттик казына абактагыларга бюджетте каралгандан бир кыйла аз каражат бергендиктен учурда тамак- аш тартыш. Жаза өтөө башкармалыгынын ыңкылаптан кийин дайындалган жаңы жетекчиси эң ириде абактардагы өндүрүштү жандандырууну максат кылып жатам дейт.

Абактагы адам күн сайын 17 сомго тамак ичет, бирок бюджетте 26 сом каралган. Жаза өтөө башкармылыгынын жетекчиси Икматулла Полотовдун айтымында, жылына камактагыларды кармаш үчүн 250 миллион сом керек, бирок мамлекет 70 миллион гана сом берет.

Икматулла Полотов абактардагы акыбалды оңдош үчүн алардагы өндүрүштү жандандырыш керек дейт:

- Азыр совет убагындагы өнөр-жай да жоголуп, аны иштеткидей мамлекеттик заказ да жок. Камактагыларга жумуш таап берсек, бизге да аябай жеңил болмок. Азыр алар мамлекетке карыздарынан да кутула албай отурушат.

Казакстан менен Орусияда өкмөт абактардагы ишканаларга салыктан жеңилдик берген. Жаза өтөө башкармалыгы азыр өкмөт менен парламентке бул тармактагы өндүрүштү кошумча наркка салыктан бошотуу маселесин койгону жатат.

1997-жылы Кыргызстанда камактагылар үчүн режимдин бир нече түрлөрүн киргизип, ага ылайык он чакты түрмө куруу жөнүндө өкмөттүн токтому чыккан. Жазаны өтөө башкармалагынын маалыматы боюнча, учурда эки гана абактын курулушу күтүлүүдө. Икматулла Полотов андан башка түрмө курууга мамлекетте каражат тартыш деп билдирди:

- Чүйдө жаңы СИЗО курулду. Ал эми Нарында бир имарат берилди. Аны оңдоп куруп чыгып, өлүм жазасына чегерилгендер үчүн атайын түрмө кылабыз. Өлүм жазасы жоюлгандан кийин анда жогорку жазага чегерилгендер кармалат.

Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Батыр Кененсариевдин айтымында, азыр абактардагы башкы көйгөйлөрдүн бири күзөт техникаларынын, белги берүүчү аппараттардын эскилиги. Анын айтымында, алар совет убагындагы бойдон жаңылана элек.

Батыр Кененсариев соңку алты айда түрмөдөн качып чыккан фактылар болгон жок деп билдирди. Бирок ушул күндөрү күчөтүлгөн режимден качып кеткен 28 кылмышкер дале издөөдө.

Учурда бул системада 17 миңден ашык адам жазасын өтөп жатат. Аталган башкармалыктын жетекчиси, полковник Полотов бул анчалык деле көп эмес деген ойдо. Ал журналисттерге түрмөлөр толуп кетти деген көйгөй жок деп билдирди.

Жакында парламент кабыл алган 14-мунапыс 1800 адамды боштондукка чыгарат. Бирок Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Аскар Акаевдин тушунда казынага зыян келтирген айрым чиновниктер мунапыска туш келип калышы ыктымал деген билдирүүсүнөн кийин бул мунапыстын тагдыры бүдөмүк бойдон.

XS
SM
MD
LG