БИШКЕК. 23-июлда Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында Кыргызстан элдик кыймылынын 5-курултайы болду. Ага кыймылдын лидери, жаңыдан шайланган президент Курманбек Бакиев баш болгон 150 делегат катышты. Курултайда президенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү саясий кырдаал жана Кыргызстан элдик кыймылынын мындан аркы орду, миссиясы талкууланды. Курултайды алып барган Азимбек Бекназаров алгачкы сөздү Курманбек Бакиевге берди. Ал пикирлештерине ыраазычылык билдирүү менен сөзүн баштап, 2-3-жылдын ичинде экономикалык өсүш, калктын турмушунда өзгөрүү болбосо - президент катары ага да, бийликке келген командага да өтө уят иш болоорун жарыялады. Ал ошондой эле 24-мартагы ыңкылаптагы Кыргызстан элдик кыймылынын ролун жогору баалап, партияларды бекемдөө зарылдыгын белгиледи.