Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Египеттеги жардыруулардан кеминде 88 адам набыт болду


Өткөн түнү Египеттин Шарм Эл-Шейх деген белгилүү курортунда үч машине жарылып кетип, андан кеминде 83 адам мерт кетти. Алардын көпчүлүгү египеттиктер. Жарадар болгондордун саны 200дүн тегерегинде деп айтылып жатат. Жарылган машинелер эки мейманкана менен базардын ортосунда турган экен.

Ишембиде Египеттин президенти Хосни Мубарак жардырууларды айыптап, Египет эл аралык террорго каршы күрөшүн уланта берээрин билдирди. Египеттин Туризм министри Ахмед Ал-Махраби Жардыруулар өлкөнүн туризм өндүрүшүнө терс таасирин тийгизбей турганын айтты. Бирок өлкөнүн туризм өндүрүшү былтыры октябрда болгон террор актысынан толук оңоло элек. Анда жардыруулардан 34 адам өлгөн эле.

XS
SM
MD
LG