Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

КИЙИЗ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮҮДӨ


Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү колдоо ассоциациясынын демилгеси, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясы менен Ысыккөл областынын Тоң районунун акимчилигинин колдоосу менен кийиз боюнча эл аралык үчүнчү симпозиумдун салтанаттуу ачылыш аземи Койташ айылындагы “Койташ” клуб-мейманканасында өттү.

Ордо калаага жакалай жайгашкан Койташ айылындагы “Койташ” клуб-мейманканасында бир жумага созулчу кийиз боюнча үчүнчү эл аралык симпозиумдун салтанаттуу ачылышы болду. Симпозиумдун максаты, катышуучулары, мурдагы өткөн симпозиумдардан өзгөчөлүгү жөнүндө аталган ассоциациянын президенти Динара Чочунбаева буларга токтолду:

- Бул жолку симпозиумга он өлкөдөн 28 катышуучу келди. Алсак АКШдан, Улуу Британия, Франция, Монголия жана башкалар. Симпозиумда кийизди жасоонун технологиясына, боз үйдү тигүүгө, жасалгалоого өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Симпозиумдун катышуучуларына тоңдук чеберлердин жасашкан боз үйү тигилгенин уз Жылдыз Асанакунова белгиледи.


Ал эми монголдун, казактын кийиз үйүн, оймо-чиймелерин иликтеп жүргөн лондондук этнограф Анна Портиш мындай дейт:

- Мен бир жыл Монголиядагы казактардын арасында жашадым. Мен казактын, кыргыздын оймо-чиймелерин иликтеп жүрөм. Мен үчүн кыргыздын оймолору, боз үйү жаңы бир ачылыштарды ачып берет деген ойдомун.

Cимпозиумдун дагы бир катышуучусу, Нью-Йорктон келген сүрөтчү Марк Ури болсо буларга токтолду:

- Мени боз үйдүн жасалышы, тигилиши, жыйналышы, көчүп-конуудагы пайдалануусу аябай кызыктырат.

Симпозиумдун салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Бишкек шаарынын мэри Аскар Салымбеков, Түркиянын, Жапониянын элчилери катышып, меймандарды куттукташты.
XS
SM
MD
LG