Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Атуулдук коом өкмөттүк гезиттерди күчтөп жаздыртууга каршы


БИШКЕК. Жергиликтүү бийлик бюджетке көз каранды мекемелерде өкмөттүк гезиттерге жана Орусия өкмөтүнө караштуу “Российская газета” гезитине күчтөп жаздыруу кампаниясын баштаганы жаңы өкмөттүн маалымат саясатына туура келбейт же өкмөттүн ыңкылаптан кийин берген сөзүнө турбагандыгын билдирет. Мындай тынчсыздануусун “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалциясы билдирди. Бишкек мэриясы өкмөттүк гезиттерге жаздыруу өнөктүгүн 28-июнда баштаган жана ар бир өкмөттүк гезитти 15 миң нускага чеийн жаздырууну максат кылууда. Аталган коалициянын юристи Ибраим Орозбаевдин пикиринде, Аскар Акаевдин тушундагы мугалимдерди, врачтарды жана башка бюджетке көз каранды адамдарды кыйнап жаздыртуу эски адатын азыркы өкмөт тез арада токтотушу керек.

XS
SM
MD
LG