Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

«ОКУГУЛА, СУКТАНГЫЛА, МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН…»


Кыргызстанда 370 миң ашуун жарандын паспорту жок. Жаңы өкмөт курч проблеманы чечүүнүн аргасын издеп ушу тапта тендер комиссиясын түзүп, жаңы паспорт жасоонун камына киришүүдө. 2004-жылкы жаңы паспорттордун 20 миң нускасы өзгөчө муктаж адамдарга берилип, 10 миң паспортту АКШ менен Канадага баруучу жарандарга сактап отурат.

1994-жылкы он жылга эсептелген көк тыштуу паспорттордун мөөнөтү бүтөргө жарым жыл калганда мурдагы өкмөт арыдан-бери маалымат технологиясы агенттигин түзүп, ага жаңы паспортторду даярдоо милдетин жүктөгөн. Агенттик тендер комиссиясын түзүп, анда утушка ээ болгон молдовалык компания жаңы кыргыз паспортун жасоого киришкен.

Жаңы паспорт даяр болуп калганда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны талкууга коюп, жыйынтыгында жарандык күбөлүктү жараксыз деп тапкан токтомун жуп жаңы жылга чукул 2004-жылдын 31-декабрында кабыл алган. Андан бери паспорт көйгөйү чоң саясий маани-мазмун алган проблемага айланды.

Эски бийликтен калган олчойгон оор маселени чечиш амалында жаңы өкмөт мурдагы 1994-жылкы мөөнөтү бүтүп бараткан паспортторду дагы узартуу, мурдагы парламент жактырбай койгон 2004-жылкы паспортторду бир жылга чейин жарактуу деп берүү жөнүндө токтом чыгарган. Аз өтпөй аны да 10 жылга чейин жарактуу деген токтомун кабыл алды. Айтса, өкмөт 1994-жылкы эски паспортторду дагы эки жылга жарактуу кылган менен АКШ менен Канада андай күбө документи менен келген кыргызстандыктарды кабыл албай тургандыктарын билдиришип, ансыз да оор маселе татаалдашып кетти.

Ошондон ушу тапта жаңы өкмөт сары майдай сактап отурган 10 миң паспорт жалаң океандын ары жагына баруучуларга гана берилмекчи. Андай мүмкүнчүлүгү жоктор 1994-жылкы паспортун дагы эки жылга узартып, башка чет өлкөлөргө каттай алышат.

Өкмөттүн коргонуу жана коопсуздук бөлүм башчысынын орунбасары, жаңы паспорт боюнча тендердик комиссиянын жетекчиси Жоробек Айдаровдун ырасташынча, эмдиги жылга чейин проблема чечилип калышы ыктымал.

- Азыр өкмөттүн буйругу менен жаңы тендердик комиссия түзүлгөн. Ал тендердик комиссияны мен жетектейм. Биз иш жүргүзүп жатабыз. Кудай буюрса, дагы бир 10-15 күндөн кийин тендердик документтерди бүт дүйнөгө жөнөтөбүз. Каалаган компаниялардын баары катышат. Анын дагы өзүнчө мөөнөттөрү болот. Жанагы тендердик документтерди изилдеш керек. Дагы биз кандай усулдар менен иштерибиз кийин белгилүү болот. Болжолубуз боюнча, ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында, Кудай буюрса, биздин жарандар жаңы паспортторду ала башташат.

Ички иштер министрлигинин паспорт-виза башкармалыгынын жетекчи орунбасары Эркин Арапбаев 2005-жылдан тарта кыйлага жаңы паспорттордун берилбей калганын айтып, жаңы паспорт чыкканча эскисин пайдалануу тууралуу мындайча маалымат берди:

- Эски паспорттордун мөөнөтүн узартуу үчүн биздин жарандар жергиликтүү паспорт кызматына кайрылышы керек. А эгер чет эл баракчасын узарткысы келгендер консулдук кызматтарга же тиешелүү борбордук органдарга кайрылышы керек.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын жетекчиси Эрик Бейшембиев 2004-жылкы паспорт чет өлкөлөрдө таанылганын, аны менен чет өлкөлөргө чыгууга мүмкүн экендигин маалымдады.

- Биздин элчиликтер менен консулдук кызматкерлер ырастагандай, чет өлкөлөрдө жаңы паспорт мыйзамдык негизде таанылган. Мурда берилген 20 миң паспорт менен кийинки 10 миң паспорттун эски паспорттон болгон айырмасы бланктардын толтурулушунда гана. Бланктар кандай толтурулганы анчалык деле чоң маанигее ээ эмес. Принцибинде жаңы паспорт таанылган.

Өкмөт эски-жаңы паспорттордун колдонуу мөөнөтүн узартып, курчуп кеткен маселени жарым жыл ичинде чечүү аракетине киришти. Жоробек Айдаровдун айтымында, эмдиги жылга чейин паспорт проблемасы чечилиши керек.

XS
SM
MD
LG