Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:40

БОЗГУНДАР ЛАГЕРИ ОН КҮНГӨ ЖАБЫЛДЫ


Жалалабат облусундагы бозгундар лагери Сузак райондук санитардык-эпидемия станциясынын токтому менен 21-июлдан тарта он күнгө жабылды. Учурда бозгундардын сегизи райондук ооруканада дарыланууда.

Бозгундар лагеринин жабылышына ичеги-карын инфекциясына шектүү деп эсептелген сегиз бозгундун райондук ооруканага жаткырылышы себеп болду. Облустагы адам укугун коргоочулардын бозгундар ууланган деген божомолун Сузак райондук санитардык-эпидемия станциясынын башкы дарыгери Мелис Жээнбаев жокко чыгарып, жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн 101 адамдан дизентерия жана сальмонелоз кеселдери үчүн кан алынып, бозгундардын бардыгына бактерифаг дарысы берилгенин билдирди:

- Бүгүнкү күндө 101 адамдын анализин алдык. Лабораторияда текшерип жатышат. Дизентерия, сальмонелоз ооруусуна ууланган фактылар жок, ал жалган сөз. Бул жерде ууланса жети эмес, бүт бардыгы ууланмак. Анализ алган адамдардын баарысына дезентерияфак бердик.

Райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Кадыржан Салиевдин айтымында, бозгундарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндүктөн оор абалда келген эки бозгундун абалы да жакшы:

- Бардыгы болуп 8 оорулууну дарылап атабыз. Булардын диагнозу острый кишечный инфекция. Дары-дармектерди берип атабыз. Экөөнүн акыбалы оор келген. Азыр акыбалдары жакшы.

Ооруканага оор абалда келген Саиров аттуу бозгун кесели күндүн аптабы өткөндө ичи менен башы ооруганда башталганын айтты:

- Ичим, башым ооруп келдим.

Өзбекстанга өткөрүлгөн 4 адамдын тагдырынан улам чоочулап, атын атоодон чочуган Саиров сыяктуу Жаронов деген бозгун да оорусунан сакайтып жаткан дарыгерлерге ыраазы болду:

- Ичим-башым ооруп, ичим өттү. Ооруканага оор абалда келдик. Дарыгерлерге ырахмат! Бул жерде кемчилик жок. Үч маал тамак, дары беришет, ал-акыбалыбызды сурап турушат. Ширин сөздөрү дагы бизге кыйла дары болууда, - деди ирени кер-сары тарткан оорулуу бозгун жигит.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG