Өлкө парламентинин спикери Хажим ал- Хасанинин "Франсс-пресс" агенттигине билдиргенине караганда, алдыдагы бир аптанын аралыгында конституциялык комитеттен мунасага жетүү талап кылынмакчы. Эгер комитет ишти убагында бүтүрсө Конституция дрлбоору парламентте талкууланып, 15-августа добушка салынат. Андан кийин эки айдан соң жалпы элдик референдумга коюлат. Конституциялык комитеттин иши сунниттердин өкүлдөрү алардын комитетке кирген эки мүчөсүн атып кетишкендигине нааразылык билдирип, анын ишине катышпай койгондугуна байланыштуу бир жумага токтоп калган болчу.