Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Пекинде бүгүн Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр башталды


Пекинде башталган сүйлөшүүлөр Түндүк Кореяны өзөктүк курал программасынан баш тарттыруу максатын көздөйт. Муну утурлай кечээ АКШ менен Түндүк Кореянын өкүлдөрү көзмө-көз жолугушу өткөргөн эле. Америкалык делегациянын башчысы Кристофер Хиллдин бүгүн жолугушуунун башталышында билдиргенине караганда, Вашингтон Түндүк Кореяны "суверендүү мамлекет" катары тааныйт жана ага кол салуу ниети жок. Америкалык өкүл ошондой эле Түндүк Кореяда кандайдыр бир өзөктүк куралдын болушу анын коопсуздугу үчүн зыян экенин кошумчалады. АКШ менен Түндүк Кореядан тышкары, Түштүк Корея, Жапония, Кытай, Орусия катышкан сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки үч айлампасы майнапсыз аяктаган.

XS
SM
MD
LG