Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Британ полициясы жардыруу жасоо аракетине катышы бар деген шек менен камакка алгандардын саны бешке жетти


Полиция өткөн бейшембиде Лондондун коомдук транспортунда жардыруу жасоо аракетине тишеси бар деп шектелген дагы эки адамды кечээ камакка алды. Муну менен камакка алынгандардын саны бешке жетти. Алардын баары теги боюнча мусулман өлкөлөрүнөн чыккандар экени кабарланууда. Өткөн бейшембиде төрт адам метронун поезддеринде жана автобуста бомба жардырууга аракеттенип, бирок ал ишке ашкан эмес. Андан туура эки апта мурунку жардыруудан 50дөн ашуун киши каза тапкан эле. Кечээ премьер-министри Тони Блэр полиция өткөн жума күнү бразилиялык жаранды жаңылыш атып алганы үчүн Британия кечирим сурарын билдирип, бирок ыктымал теракттарды алдын алууда полицияга колдоо көргөзүүнү улантуу маанилүү экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG