Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:42

Сибирден чыккан канаттуунун сасык тумоосу адамдарга коркунуч келтирбейт

Муну жугуштуу оорулар боюнча орусиялык белгилүү адистердин бири бышыктады. Геннадий Онищенко бүгүнкү пресс-конференцияда аталган сасык тумоону Новосибирск областынын аймагына келгин куштар алып келгендигин, андан 1 миңден ашык куш өлүм болгонун, бирок алардан табылган Ейч-5 Эн-2 вирусу адам баласына жукпай тургандыгын маалымдады.

2003-жылдан бери канаттуунун сасык тумоосунан Түштүк-чыгыш Азиянын бир нече өлкөсүндө кеминде 57 киши каза таап, аймактагы канаттууларды өстүрүү жана эт иштетүү тармагы кыйсыпыр болду.
XS
SM
MD
LG