НАРЫН. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн юристи Аманат Темировдун билдиргени боюнча, президенттик шайлоо убагында Кочкор районундагы №134-Каракол шайлоо участогунун жыйынтыгын жокко чыгарууну суранган арызды райондук сот Абылбек Алжанов канаттандырган жок. Аталган шайлоо участогундагы эки көз карандысыз байкоочу жана Токтайым Үмөталиеванын байкоочусу шайлоо бүткөндөн соң электр жарыгы өчүп, кайра күйгөндө келбеген шайлоочулардын ордуна бюллетень белгилеп жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүн кармап калып, акт түзүшкөн. Бирок 134-Каракол шайлоо участкасы райондук шайлоо комиссиясына протокол өткөргөндө акт айтылган эмес. Бул боюнча арызды караган Кочкор райондук соту Абылбек Алжанов Шайлоо кодексинин 68-беренесине ылайык жоопкер тарап - БШК деп тапкан. Коалициянын өкүлдөрү бир шайлоо участогу жөнүндө сөз болуп жатат деп соттун чечимине канаттанбай облсотко кайрылышты.