Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Борис Воробьев коопсуздук кызматына көрсөтмө берди

БИШКЕК. “Мага таандык “Кудайберген” авто базарымды, “Айчүрөк” дүр дүйнө дүкөнүнүн жанындагы кеңсемди жана арак заводумду тартып алууга Жыргалбек Сурабалдиевдин катыштыгы бар”.-деп билдирди Борис Воробьев 27-июлдагы маалымат жыйынында. Ал маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө тиешеси жоктугу тууралуу Коопсуздук кызматына көрсөтмө бергендигин маалымдады.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Борис Воробьевго 1999-жылы алдамчылык, аткезчилик, көз бойомочулук жана салык төлөөдөн качуу, 2000-жылы кредиттик милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн деген өңдүү айыптар боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин Воробьев Германияда жашап келген.
XS
SM
MD
LG