Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Барскоондуктар Кумтөргө барчу автожолду тосушту


БИШКЕК. 27-июлда Ысыккөл облусуна караштуу Тоң районундагы Барскоон, Тосор, Чоңжаргылчак, Кичижаргылчак, Тамга айылдарынын 300гө чукул тургундары Барскоон айылы аркылуу Кумтөр алтын кенине баруучу жолду буушту. Алар Кумтөрдөгү “Центерра Голд компани” ишканасынан 1998-жылы май айында Барскоон кырсыгында жабыр тарткан адамдарга дүйнөлүк стандартка ылайык моралдык жана материалдык жактан компенцация төлөп берүүнү талап кылышууда.

“Карек” коомдук уюумунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын айтымында:

- Барскоон аймагына экологиялык катастрофадан зыян тартты деген макам берилиши керек. 1998-99 жылдарда экс-президент Аскар Акаевдин жабыр тарткандар үчүн каражат төлөтүп берем деген убадасына байланыштуу ошол жылда түшүм албай калган дыйкандардын жер үлүшүнө карата түшүмдөрүн төлөтүп алуу, Ысыккөл облусунун губернаторун жана райондун акимдерин, “Кумтөрдөн” пара алган айыл өкмөттөрүн кызматтан кетирүү талабын коюудабыз.

Ал ошондой эле нааразылык билдирген адамдар Барскоон кырсыгы боюнча жаңы өкмөттөн атайын комиссия түзүп, кырсыктын кесепетин кайрадан иликтөөнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG