Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Болгариянын парламенти өкмөт курамын бекиткен жок


Болгариянын парламенти кечээ өлкөнүн жаңы премьер-министрлигине Социалисттик партиянын лидери Сергей Станишевди шайланган болчу. Бирок парламент өткөн түнкү добуш берүү учурунда жаңы премьер-министр сунуш кылган өкмөттүн курамын четке какты. Жакындагы парламенттик шайлоодо алдыңкы орунду алган Социалистик партия өкмөттү жергиликтүү этникалык түрктөрдүн кызыкчылыгын коргогон "Укук жана эркиндик үчүн" деп аталган кыймыл менен бирге түзгөн. Эми кырдаал кандай нукта өнүгөөрү белгисиз. Балким парламентте өкмөт курамы боюнча кайрадан добуш берүү өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG