Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:20

Ө. Суваналиев: “17-июнда эч кимге кол салуу даярдалган эмес”


БИШКЕК. 17-июнда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге, вице-премьер-министрлердин милдеттерин аткаруучулар Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнөвго кол салуу даярдалган деген маалымат – бул жөн гана пиар кампания. Мындай пикирин 28-июлда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Бакиев, Мадумаров жана Үсөновго кол салуу даярдалган деп айтууга эч кандай негиз жок. Буга чейин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров, коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов 17-июнь күнү жогорку бийлик өкүлдөрүнө кол салуу уюштурулгандыгы тууралуу маалымдап, ал боюнча далилдүү фактылар бар деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG