Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари бүгүн билдиргенге караганда, согушкерлердин өлкөгө сырттан киришине бөгөт коюуу ишинде кошуна мамлекеттер жетиштүү чара көрбөй жатат. Багдад шаарынын алдында кечээ күнү күйүүчү май жүктөп бараткан поезддин жанында бомба жарылгандан бүткүл поезд да өрттөндү, эки адам набыт кетти, алардын бири коопсуздук кызматынын өкүлү болчу. "Ал-Каида" террордук уюму билдиргенге караганда болсо, туткунга алынган эки алжирлик дипломат кечээ күнү өлтүрүлдү.