Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫ, АКШ АСКЕРДИК БАЗАСЫ, АЙРЫЛЫШ ЖОЛДО ИТТИН БАШЫ МАҢ


«Манас» аба майданында жайгашкан АКШ аскерий базасынын тагдыры, «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаштуу маселелер кийинки кездери кыргыз гезиттеринде көп козголууда. Ошондой эле мезгилдүү басылмаларды Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын, Тажикстандан тарыхый мекенине көчүп келген улутташтарыбыздын абалын баяндаган материалдар да арбын.

АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфельд менен Кыргызстандын жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө «Манас» аба майданындагы Кошмо Штаттардын аскерий базасынын туруу акысын көбөйтүү маселеси козголгонун бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. Президент милдетин аткаруучу К. Бакиевдин пресс-катчысынын маалыматына таянып, гезит Кыргызстан тарап АКШ министрине ижара акыны көтөрүү маселесин кыйытканын билдирет.

Ушул эле гезиттин дагы бир кабарына караганда, АКШнын расмий бийлиги президент милдетин аткаруучу К. Бакиевдин Өзбекстандан келген качкындардын айрымдарын жерине кайтарып берүү тууралуу пикирине ичи чыкпай, эгер андай болсо АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Бишкекте 14-августта өтүүчү жаңы президенттин кызматка кирүү жөрөлгөсүнө катышпастыгын эскерткен.

Антип өзбекстандык качкындардын проблемасына жаамы дүйнө кулак түрүп турганда Кыргызстандын миңдеген атуулдары ит көрбөгөн азаптарды көрүп Орусияда иштеп жүрүшкөнүн жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити маалымдады. Москвада 30 миңге жакын кыргыздар көчө шыпырып, курулушта иштеп жүрүшөт. Алардын корккону эле орустун милициясы. Коркутуп-үркүтүп акчасын тартып алмай көнүмүшкө айланган, кийинки маалыматтарга караганда, 87 кыргызстандыктын дайыны жок, деп маалымдайт Жамила Бегиева гезитте жарыяланган макаласында.

Ушуга үндөш теманы жума күнкү «Кыргыз руху» гезити да козгоду. Орусиянын Бишкектеги элчилигинин консулдук кызматына күнүнө 500 – 600 киши көчүп кетүү тууралуу кайрылат, деп маалымдайт гезит кабарчысы Мирлан Дүйшөнбаев. Мурда мамлекеттик тилди билбегендигин айтып жер которууга чыгынгандар көп чыкса, кийинки кездери алар саясий туруктуулуктун жоктугун шылтоо кылышууда. Миграциянын жаңы толкуну Кыргызстанды каптаган ыңкылап, жер басып алуучулук, талап-тоноочулук күчөгөндөн кийин арбый баштады.

АКШнын Кыргызстандагы аскер базасы тууралуу жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде Нургазы Анаркуловдун «Дөөлөр кагышса чымын өлөт» деген аталыштагы макаласы жарыяланды. «Бизде үч дөө кагышууда: АКШ, Кытай жана Россия. Биздин мамлекеттин келечеги кандай болот, ал жаңы бийликтин тышкы саясатына жараша иш», дейт Н. Анаркулов.

«Кумтөр» алтын кенинин айланасында көптөн бери токтолбой келаткан талаштуу маселеге «Жаңы ордо» гезитиндеги макаласында Орозбек Дүйшеев токтолгон. «Кумтөрдө Кыргызстандагы эсептелген алтын запастарынын 70% жайгашкан, бул жерде суунун запасын түзгөн түбөлүктүү мөңгүлөр жатат», дейт О.Дүйшеев. 2005-жылга чейин комбинат 157 тоннага жакын алтын өндүргөн. Аны сатуудан 1 миллиард 618 миллион доллар акча түшкөн. Алынган кирешенин 448 миллиону эмгек акы, салык, электр жана башка төлөмдөргө жумшалган. Бул болгону пайданын 30% гана түзөт. Калган 70% пайда чет өлкөгө кеткен.

«Жол айрылыш кеткенде иттин башы маң болду», дегендей «карандай калпты ышкыртып, мурдагы бийликке жагынып көнгөн жаныбыз алапайыбызды таппай калдык», деп жазат Калчоро Көкүлов улуттук телекөрсөтүү тууралуу макаласында. Улуттук телекөрсөтүүнү жаңылаш үчүн ириде кошоматка кой союп жүргөн журналисттерден арылыш керек дейт автор.

Журналисттик этика, кесиптин тазалыгы тууралуу жума күнкү «МСН» гезити да макала жарыялады. А. Ким менен Ю. Груздовдун жазганына ынансак, мурдагы президенттин күйөө баласынын сөзүн сүйлөп келген шаардык гезиттин окурмандары азайып, нускасы төмөндөп кеткен.

Экинчи бир автор В. Тимирбаев «Вечерний Бишкек» баш болгон мурдагы өкмөттүк гезиттер экс-президент менен анын жакындарынын маектерин баса калып басып, баштагы көнүмүшүнөн чыга албай келатышканына токтолгон.
XS
SM
MD
LG