Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Дагестанда согушкерлердин чоң тобу кармалды


Дагестанда кечээ кечиндеги жарылуудан милициянын беш кызматкери жаракат алды. Жарылуу алар автомашинада кетип бара жаткан жолдо болгон. Мунун алдында эле Дагестанда согушкерлердин чоң тобунун бети ачылганы кабарланган эле. Орусиянын ички иштер министринин орун басары Андрей Новиковдун кечээ Махачкаладан кабарчыларга билдиргенине караганда, укук коргоо органдары азырынча 150дөй кишини камакка алган. Алардын арасында коопсуздук кызматтарында иштегендер жана дин адамдары да бар. Орусия ички иштер министринин орун басары белгилегендей, бул топ Москвада кол салуу уюштурууну пландап жаткан. Милиция кечээ Махачкалада согушкерлердин базасы делген жайга чабуул жасаганда, үч адам жана бир милиция кызматкери каза тапты. Чеченстанга коңшу жайгашкан Дагестанда акыркы айларда жардыруулар менен кол салуулар көбөйгөн эле. Республиканын ички иштер министри Адилгерей Магомедтагировдун айтымында, жыл башынан бери эле кол салуулардан 32 милиция кызматкери мерт болуп, 50дөн ашууну жаракат алган.

XS
SM
MD
LG