Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

АМЕРИКАЛЫК МУСУЛМАНДАР ЖЕТЕКЧИЛИГИ ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ БАТЫБА ЧЫГАРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ менен Канадада жашаган мусулмандардын жетекчилери 28-июлда атайын батыба чыгарып, террорчулукту айыптады. 7-июлда элүүдөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен Лондондогу жардыруулардан кийин 18-июлда британиялык мусулман жетекчилери дагы окшош батыба кабыл алган.

Лондон шаарында 7-июлда төрт ири террордук аракет болуп жана андан эки апта өткөндөн кийин 21-июлда дагы окшош төрт жардырууну ишке ашыруу аракети көрүлгөндөн кийин америкалык коомчулук арасында мусулман жетекчилери андай террорду сөз түрүндө сындаганы менен, ичинен аны кээде жактырат жана айрым учурларда колдоо да көрсөтөт деген пикирлер тараган. Түндүк Америкада жашаган мусулмандарга айрым аймактарда каршы чаралар да көрүлгөн, мисал үчүн, Нью-Жерси штатындагы бир мечитте өрт чыккан, Индиана штатында да өрт болгон.

Ошондуктан АКШ менен Канадада аракеттенген мусулман уюмдарынын жетекчилери чогулуп, террорчулукка каршы батыба кабыл алды жана аны 28-июлда Вашингтон шаарында жарыялады. Буга чейин Америкада батыба чыгаруу учуру болгон эмес.

Батыбаны журналисттер чогулган жыйында Америка-ислам байланыштары боюнча кеңештин төрагасы Музаммил Сидики окуду:

- Экстремизм менен терроризмге исламда актоо жок. Карапайым адамдардын өмүрүнө жан кечтилик же башка аракеттер менен чабуул жасоого исламда тыюу салынат жана андай ишке баргандар шейит кенткендер эмес, алар жөн гана кылмышкерлер.

Уюмдун аткаруучу деректири Нихад Аваддын айтымында, америкалык басма сөздө жана коомчулукта акыркы жылдарда мусулман жетекчилери террорчуларды жетиштүү түрдө айыптабай жатат деген пикир жана бир ууч кылмышкерлер жасаган иштер үчүн бүткүл мусулмандарды күнөөлөгөн маанай тарап баратат, батыба - андай маанайды өзгөртүүгө багытталган:

- Бул чечимдин максаты ачык, анткени америкалык басма сөздө жергиликтүү мусулмандар террорчулукка каршы экени күмөнгө салынат, ошондуктан биз өз турумубузду ачыктап, бул маанилүү маселе боюнча америкалык мусулман коому тууралуу түшүнбөөчүлүктү жоюуну чечтик.

Анткен менен айрым эксперттердин пикиринде, кабыл алынган батыбанын согушкерлерге гана эмес, карапайым мусулмандарга болгон таасири деле чектелүү. Мисал үчүн, Мисирде кабыл алынган батыбанын пакистандык мусулмандарга эч күчү жок, америкалык мусулмандар арасында болсо Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча институттун эксперти Шукри Абеддин айтканындай, абал башка:

- Чындык такыр башка, мусулмандар арасында Американын тышкы саясатын жактырбоо жана аны жек көрүү өтө күчтүү, ошондуктан империализм менен Бытыш идеяларына каршы күч колдонууну актаган маанай кеңири тараган. Батыба туура кабыл алынганы менен, анын чыныгы максаты - АКШ менен Канада жетекчилигине кайрылып, мамилени оңдоо. Бул мамлекеттерде жашаган соң, алардын жүзү жарык болууга тийиш.

Батыбанын авторлорунун айтымында, алар бардык жыйындарда жана жолугушууларда террорчулук менен кылмыштуулукту сындап келет, бирок мусулмандарга каршы маанай Батыш коомунда дагы эле күчтүү жана батыба кабыл алуу менен алар өз турумуна жана пикирине расми күч кошууда.
XS
SM
MD
LG