Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Аба ырайы


БИШКЕК. 30-июлда республика боюнча күн бүркөлүп ачылып турат. Кээ бир аймактарда күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жаан жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36 градус ысык.
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +20...+25, күндүз +33...+38 градус ысык.
Ысыккөлдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус.
Тоолуу Нарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31.
Ордо калаа Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр себелеши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, ал эми күндүз +34...+36 градустун айланасында ысык болушу күтүлүүдө деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.


Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG