Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

Т. Акун К. Бакиевге качкындарга байланыштуу кайрылуу жолдойт


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар башкармалыгы тарабынан качкын макамы берилген 11 өзбек бозгуну тез арада Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Мындай кайрылуусу менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун өлкө башчылыгына жаңыдан шайланган Курманбек Бакиевге жолдойт. Бул тууралуу Турсунбек Акун 30-июлда «Азаттыкка» билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстан качкындарга байланыштуу эл аралык Конвенциялар менен өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышы керек. Турсунбек Акун өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаровдун 15 өзбек бозгуну эгерде кылмыш жасагандыгы даилиденсе, өзбек бийлигине өткөрүлүп берилет деген көз карашына каршы экендигин дагы бир ирет билдирди.

XS
SM
MD
LG