Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Дырылдаев Ян Кубишке кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ян Кубиш мырзага кайрылуу менен чыкты. Анда 13-майда Анжиянда болгон окуяны Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиза Арбердин кеңсеси иликтесе туура болот деген пикир билдирилген. Эгерде Өзбекстан көз карандысыз изилдөө жүргүзүүдөн баш тартса, анда Ташкентке карата санкция киргизүү сунушталган. Кыргзстан адам укугун коргоо уюму Анжиян окуясын кескин айыптап келаткан жергиликтүү уюмдардан.

XS
SM
MD
LG