Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Өкмөттүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын колдоосу менен Аламүдүн капчыгайында он күн иштеп келишкен кыргыз сүрөтчүлөрү Улуттук көркөм өнөр музейинде көргөзмө уюштурду. Белгилүү обончу Айбек Карымов чоң сахнага чыккандыгынын беш жылдыгын белгиледи

Өкмөттүн алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын колдоосу менен Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн пленердик топтору Аламүдүн капчыгайында он күн иштеп кайтышты. Алар ал жактан табиятты, андагы көрүнүштөрдү кыл калем менен кагазга түшүрүштү. Мына ошол чыгармачылык акциянын жыйынтыгы катары аптанын шейшемби күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде көргөзмө ачылды. Анда коюлган эмгектердин дээрлик бардыгы жаратылышты чагылдырган сүрөттөр болду.

Мындай иш чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Дамира Алышбаева аны уюштуруунун негизги максаты - кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоого алуу дейт.

- Кыргыз Республикасынын алдындагы маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын негизги максаты - чыгармачылык акция аркылуу кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоого алуу. Колдоого алуунун ар кандай түрлөрү бар. Биз пленер чыгармачылык акциясын жасадык. Пленер деген бул жаратылыш менен түздөн-түз иштөө. Жаратылыштын кооздуктарын, күтүүсүз фрагменттерин кагаз бетине түшүрүп, келечекте тартыла турган чоң сүрөттөрдүн эскизин түзүү боюнча атайын сүрөтчүлөргө шарт түзүлүп берилип, алар он күн Аламүдүн капчыгайында иштеп кайтышты.

Бул акцияга кыргыз маданиятына эмгеги сиңген сүрөтчүлөр менен катар тогуз жаштагы Санжар аттуу кичинекей сүрөтчү да катышты. Санжардын айтымында ал сүрөт өнөрүнө үч жашынан тартып кызыга баштаган.

***

Жылдын башка мезгилдерине караганда жайкысын Бишкекте концерттер өтө эле сейрек болот. Бирок ошого карабай анда-санда болгон концерттерге да кээде эл келбей үзгүлтүккө учураган учурайт. Маселен, өткөн жумада эле обончу Майрамбек Осмоновдун төрт күндүк концертине эл өтө аз келгендигине байланыштуу ырчы концерт берүүдөн баш тартты. Ага удаа эле бул жумада обончу Айбек Карымов чоң сахнага чыккандыгынын беш жылдыгын белгиледи.

Концерт башталаар алдында айрым көрүүчүлөр менен Кыргызстанда өтүп жаткан концерттер туурасында ой бөлүштүк.

- Менин атым Орозбек. Акыркы мезгилдерде жаштар жакшы чыгышып жатат. Мага фонограмма менен да, өздөрүнүн үнү менен да ырдаганы жагат. Айтор акыркы убактарда коюлуп жаткан концерттер мени канааттандырат.

Орозбек мырзанын бул айткандарына Нүргүл аттуу айым кайчы пикирде:

- Көп эле концерттер болуп жатат. Туулган күн, беш жылдык деп белгилешип бат-баттан берип турушат. Барсаң баягы бири-бирине окшош кайталанма концерттер. Ошондуктан көп эл концертке барышбайт деп ойлойм.

Ал эми Талас дубанынан келген Анаркан айым айылдарда өткөн концерттер туурасында буларга токтолду

- Айылда деле ушул сыяктуу өтөт. Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов деген белгилүү ырчыларыбыз барганда биз эрте эле барып күтүп турабыз. Концерт убагында эле башталат. Борбордо мындай болот деп ойлогон эмесмин.

Белгиленген убактысынан кеч башталган концерттин жүрүшүндө Айбек Карымов шоу программасынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

- Чоң сахнага аттанганыма беш жылдын жүзү болуптур. Ошол чыгармачылыгымдын беш жылдык отчеттук концертимди угармандарыма, күйөрмандарыма тартуулап жатам. Концертимдин өзгөчөлүктөрүнүн бири ушул беш жылда жаралган чыгармаларымдын бардыгын өзүмдүн кесиптештериме ырдап жүрүңүздөр деп берип жатам. Менин ырларымды уккан адамдар бар экенине ынандым. Себеби беш күн тең эл жакшы келип, концертим үзгүлтүксүз өтүп жатат. Эгерде концертиңе эл келбей калса, анда сенин чыгармачылык деңгеелиңдин төмөндөп кеткенин байкасаң болот. Экинчиден жайкы мезгил концерттин учуру эмес.

Сүрөттө: Пленердик топко катышкан сүрөтчүлөр
XS
SM
MD
LG