Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Иран Евросоюзга өзүнүн өзөктүк программасы боюнча ультиматум койду


Евробиримдик менен сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Ирандын өкүлү бүгүн айткандай, эгерде жакынкы сааттарда Евросоюз проблеманы кантип чечүү жөнүндө өзүнүн сунушун киргизбесе, Иран кайра уран байытууну баштайт. Анын аралыгында, Евросоюз Иранга проблеманы чечүү үчүн сунуштар бир жуманын ичинде айтылаарын билдирди. Британиянын тышкы иштер министрлиги таркаткан кабарда “Евросоюз Иранды катаал аракеттерден оолак болууга чакырган”.

Буга чейин Иранга өзөктүк программасынан баш тартса, бир катар экономикалык кирешелүү сунуштар берилээри айтылган эле. Бирок сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Британия, Франция жана Германия азырга чейин ал сунуштардын соңку тизмесин бере элек. Кошмо Штаттары Иранды өзөктүк курал жасоо аракетин көрүп жатат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG