Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ӨЗБЕКСТАНДЫК 15 БОЗГУНДУ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРУУНУ КӨЗДӨЙТ


1-августа Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Оштогу тергөө абагындагы кылмышкер деп шектелип камалып жаткан Өзбекстандык 15 атуулду мекенине кайтарып берүү же кайтарып бербөө текшерилип бүткөндөн кийин билинет деп, маалымат жыйынында билдирди. Бирок Жээналиев Башкы прокуратуранын тутунган пикиринде жогоруда аталган 15 жаранды Өзбекстанга кайтарып берүү керектигин белгиледи.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин айтымында, Башкы прокуратуранын позициясы - кылмышкер деп шектелген Өзбекстандык 15 атуулду мекенине кайтарып берүү керек.

- Башкы прокуратуранын позициясы Оштогу тергөө абагындагы камактагы Өзбекcтандын 15 атуулу Өзбекстанга кайтарылып берилиши керек.

Ал эми жеке өзүнүн пикиринде, кылмышкер деп шектелген 15 атуулду Өзбекстанга кайтарып берүү же бербөө тыкат текшерилип бүткөндөн кийин билинет.

- Азыркы күндө Ош шаарындагы айыпкерлерди убактылуу кармоочу жайдагы Өзбекстандык 15 атуул текшерилип атат. Азырынча текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан эртең же бүрсүгүнү аларды Өзбекстанга кайтарып беребиз же бербейбиз деп айта албайбыз. Мунун баары текшерилип бүткөндөн кийин жыйынтыгы чыгат.

Нурлан Жээналиев Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен Анжиан шаарына барып 15 атуулдун ар биринин жеке кылмыш иштери менен жеринде таанышып, ал иштердин көчүрмөсүн 12-майда Анжиан окуясында тартылган видеоматериалды, кылмышкер деп шектелген айрым адамдардын колдорунда ок атуучу курал кармап түшкөн сүрөттөрүн алып келиптир. Ошол материалдар менен журналисттерди тааныштырды. Ал Анжиан окуясында кан төгүлгөн 7 жерде болуп, окуянын кандайча болгондугун жеринде көрүп келгендигин, жергиликтүү тартип коргоо органдары, прокуратура кызматы тарабынан Оштогу тергөө абагындагы Өзбекстандык 15 адамдын кылмыш иштери 12-июлга чейин эле Анжианда далилденгендигин билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Оштогу тергөө изоляторунда кармалган 29 адамдын 14ү Анжиан окуясына чейин абакта отурбагандыктан БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын чечимине ылайык үчүнчү өлкөгө өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп, калган 15 адам 12-майга чейин эле коңшу өлкөдө оор кылмыш жасаганы тууралуу маалымат берди.

- Биз Анжианга барып алардын өздүк ишин окуп, текшерип келдик. Ал адамдардын 12си Анжиан окуясына чейин эле, тактап айтканда 12-майга чейин эле Анжиан СИЗОсунда отурушкандыгы такталды. Алардын өздүк ишиндеги өздөрүнүн тил каттары, көрсөтмөлөрү менен таанышып, алардын адвокаты менен сүйлөшкөндө анык болду. Ошол 12 адамдын бирөө коркунучтуу кылмышкер деп сот тарабынан айып тагылган. Калгандарын сот териштирип жатканда 12-майда козголоңчулар тарабынан бошотулуптур. Калган үчөөнү Анжиандын пркурорун желкелеп, жетелеп бараткан жерин видео тасмадан БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлдөрү көрүшүп, качкын мандаты берилбесин деп чечим чыгарышкан.

Баш прокурордун орун басары Анжиан окуясына Кыргызстандын 10дон ашуун атуулу катышкандыгы аныкталгандыгын, учурда алар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Насиза Сумар Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 14-статьясында “Кылмыш кылган адамдарга качкын деген статус берилбейт”- деп жазылганын, буга байланыштуу Башкы прокуратуранын Өзбекстандык 15 атуулду өз мамлекетине өткөрүп берүүгө кылган аракети эл аралык мыйзамдын чегинде экенин белгиледи.

Кыргызстан Акыйкатчысынын орун басары Садык Шернияздын пикиринде БУУ 51-жылдагы Конвенциясынын негизинде бул маселени кылдат чечиш керек.

- Бул абдан олуттуу маселе болгондуктан дыкат иликтенип, Конвенцияга ылайык иш жүргүзүү керек. 58-жылдагы БУУнун Конвенциясында качкындар боюнча маселеде каралгандай, эгерде азыркыдай жагдайда, мисалы, Өзбекстандан Кыргызстанга качып келген бозгундардын өз өлкөсүндө кандайдыр бир кыйноого алына турган болсо, алар кайтарылып берилбеши керек. Кандай түрдө болгон күндө да кайтарылып берилбеш керек. Конвенцияда кылмышкерлер тууралуу дегеле сөз жок. Эгерде сөз болбогондон кийин биз кеп кылып жаткан маселе Конвенциянын ичинде камтылган деген ойдомун.

Ал эми Кыргызстандагы адам укугун коргоо уюмдарынын айрым лидерлери Башкы прокуратуранын Оштогу тергөө изоляторундагы 15 качкынды Өзбекстанга өткөрүп беребиз деген пикирине каршы болушуп, Башкы прокуратурага нааразылык билдиришүүдө.

Сүрөттө: Маалымат жыйынынан көрүнүш

XS
SM
MD
LG