Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Жогорку сот Тургуналиевди толук актоо маселесин карайт


БИШКЕК. Жогорку сот «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиевди толук актоо маселесин 4-августа карайт. Бул тууралуу «Эркиндик» партиясынан 1-августа кабарлашты. Топчубек Тургуналиев соңку он жылдын ичинде үч жолу түрмөгө отуруп чыккан. Акыркы жолу мурдагы президент Аскар Акаевге куралдуу кол салууну даярдаган деген айып менен түрмөгө кесилип, кайрадан президент тарабынан мунапыс берилип, боштондукка чыгарылган. «Эркиндик» партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымовдун айтымында, аталган партия Топчубек Тургуналиевди толук актоону талап кылган 20 миң адамдын колун топтоп Жогорку сотко тапшырды.

XS
SM
MD
LG