Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Барскоондуктар Кумтөргө жөө жүрүш жасоону көздөшүүдө


БИШКЕК. Расмий бийлик жана «Сентерреголд» компаниясы талаптарды аткарбаса жергиликтүү калк өкүлдөрү Кумтөр кенин көздөй жөө жүрүш жасамакчы. Мындай билдирүүнү жума күнү Барскоон-Кумтөр жолун алты күндөн бери тосуп отургандардын бири Жунушбаев Асанкадыр билдирди. Анын айтымында, беш айылдын элинин өкүлдөрү коюп жаткан талаптарга эч ким көңүл бурбай жатат. Ал эми «Карек» бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоеванын билдиргенине караганда, облустук жетекчилик ишти териштирүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөңдүгүн кабарлаган. Мындай маалыматты кыргыз өкмөтү тастыктай элек.

Барскоон кырсыгында жабыркаган беш айылдын тургундарынын атынан 18-июлдан бери нааразылык акциясы уюштурулуп, моралдык, материалдык чыгымды дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде төлөп берүү, Кумтөр ишканасынын ишин кайра карап чыгуу талап кылынууда.

XS
SM
MD
LG