Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ИРАН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮН ЖАНДАНТУУГА ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Тегеран тараптан көрүлүп жаткан акыркы аракеттерди Батыш өлкөлөрү өтө тынчсыздануу менен кабыл алууда жана кээ бир эксперттердин пикиринде, Иран өтө катуу басым жасап, ультиматум коюуга өттү.

Эл аралык изилдөөлөр институнун эксперти Гэри Сэймурдун айтымында, эгер мындай басым уланса, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралууга жөнөтүп салышы да мүмкүн:

- Агенттиктин Башкаруучулар кеңеши мурда алты резолюция кабыл алган, баарын жалпы мунаса менен, жана ал резолюциялар Иранды - өзөктүк изилдөөлөрдү токтотууга чакырат. Эгер ал резолюциянын баарын четке кагып, Тегеран өзөктүк иштерди кайра баштаса, мен ойлойм, Агенттик Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине да кайрылышы мүмкүн.

Дал ушундай талапты көптөн бери АКШ коюп келет жана эгер маселе Бириккен Улуттарга жетсе, эл аралык коомчулук тарабынан Ирандын өзүнө ультиматум коюлушу мүмкүн. Европа мамлекеттери болсо Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүп, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенген. Ирандын коопсуздугуна кепилдик берилип, соода жеңилдиктери менен кошо өзөктүк кубаттын ордуна башка кубат булактары сунуш кылынган.

Анткен менен Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефинин айтымында, Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн жаңы сунуштарын шашылыш түрдө даяр кылууга тийиш:

- Исфахан ишканасында биз айрым өзөктүк изилдөөлөрдү кайра баштайбыз. Бирок уран байытуу иштерин биз азырынча жандантпайбыз, Натанз ишканасындагы аракеттер дагы кармалып турат. Аны менен катар, европалыктар менен сүйлөшүүнү улантууга биз даярбыз. Лондондо өткөн жолугушууда биз ачык айтканбыз - эгер 1-августка чейин жаңы сунуштар жасалбаса, биз өз ишибизди улантабыз деп биз билдиргенбиз.

Кызматтан кетип жаткан Иран президенти Мохамад Хатами болсо 27-июлда атайын билдирүү жасап, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн убактылуу түрдө гана токтоткон жана аларды кайра баштоодон эч качан баш тарткан эмес деп айтты. Британия өкүлдөрүнүн айтымында, Батыш өлкөлөрү тарабынан Иранга жасала турган сунуштар толук көлөмдө бир аптанын ичинде даяр болот. Америкалык "Вашингтон пост" гезити 1-августта жазып чыкканга караганда, ал сунуштар америкалык жетекчилик менен дагы макулдашылды.

XS
SM
MD
LG