Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

М.Ниязов: “Кыргызстан саясий чечим кабыл алышы керек”


БИШКЕК. “Ырасмий Бишкек Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык качкын боюнча саясий чечим кабыл алышы керек жана үчүнчү өлкөгө өткөрүп бергени оң болот”. Мындай пикирин Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги ушул кырдаалда укуктук эмес, саясий чечим кабыл алышы керек. Ал эми 15 качкындын Атажуртуна кайтышын талап кылып аткан Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссариаты менен аларга качкын макамын бере турган үчүнчү өлкөнүн макулдугун алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азимбек Бекназаров кылмышкер деп шектелген адамдарды кабыл алууга кайсы бир мамлекеттен макулдук келсе, анда Башкы прокуратура өткөрүп берүү жагын карыштырып көрөт дейт. Атуулдук коом өкүлдөрү болсо бул качкындардын кылмыш кылгандыгы жөнүндө далилдер жоктугун айтып жатышат. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын айтымында, качкындар үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп, тергөө иштери ошол жакта улантылышы керек.

XS
SM
MD
LG