Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

ЖЕРГЕ МУКТАЖДЫК КАНТИП ЧЕЧИЛҮҮДӨ?


Март окуясынан кийин жер талап кылып көчөгө чыккан үй куруучулардын алды жер бөлдүрүп алып, курулуш менен алектене баштаса, арты дале Бишкек шаарынын айланасындагы тигил же бул айдоо аянтын акмалап, күн өткөрүп жатат. Алар өздөрүнүн төрт айдан бери тартып келаткан убарасын мыйзамдын иштебегендиги менен байланыштырышат.

Апрелдин башында жер талап кылып чыккан массалык акциялардын бири - Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунун жанындагы Аламүдүн районуна таандык айдоо аянтынын жанында башталган. Төрт айдан бери сак-сактап айдоо аянтынын этегинен кетпей, эки жаат болуп жүргөн бишкектиктер менен аламүдүндүктөр бирдей бир-эки күн аралыгында жер аларын айтып жатышат.

Муну Лебединовка айылынын жерге мүктаж 650 жашоочусунан турган топтун башчысы Абдыкадырова Артык жагдайды турукташтырган көрүнүш катары белгиледи:

- Биздин эл биримдикке келип, төрт сотыхка макул болдук. Картасын чийип бүттүк. Азыр трактор жолдорун чийип атат. Жетекчилерибиз келди. Баягыдай эле кыргыздын салтын кылып, боорсок жасашты, куран окушту, лента кесишти. Эми башталды, кудай буюрса.

Артык Абдыкадырованын айтымында, лебединовкалыктарга жергиликтүү бийлик 44 гектар жер бөлүп берип жатат. Калган 50 гектар шаардыктарга берилиши керек.

Бирок өз жери шаардыктарга өтүп кетти деп эсептеген аламүдүндүктөр жергиликтүү бийлик мыйзам бузду деп, нааразы болуп жатышат:

- Чечимди бергенде алты сотыхтан деп берген. Эми анын ордуна төрт сотыхтан зордоп эле бөлүп атышат. Биз айла жоктон макул болдук. Бирдеке кылалы десек, колубуздан эчтеке келбейт экен. Эч ким укпайт экен. Мыйзамдын чегинде бизди карап, жардам берген эч ким деле болгон жок. Губернатор чечти, болду деп койду.

- Бакиев менен Кулов келсе эле закон дегенбиз, анын кана иштегени? Эч кимге ишенбей калдык.

Жер алабыз деп акмалап, уруксат күтүп жүргөндөрдүн бир даары ошол мыйзамдын иштебегенинин кесепетинен үй куруучулар арасында жер басып алуу, алып сатуу кадырэсе көрүнүшкө айланды дешет.

Мындай маалыматтарды далилдөө мүмкүн болбой жатканын кийинчерээк жерге байланышкан чыр-чатактарды териштирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Жыпар Жекшеев билдирди:

- Жер алабыз дегендердин көпчүлүгү жерге жетпей эле райондук администрациялар өздөрү аралашып, кандайдыр бир жаңы тизмелер пайда болуп, жалпысынан мынча киши алды дегенге шылтоо болуп атат да. Буларды текшерген киши жок болуп атат азырынча, Менин оюмча, жерди сатып аткандар да бар окшойт. Буларды кармай албай атабыз. Имиш-имиш сөздөрдү гана угабыз. Бергени да айтпайт экен, алганы да айтпайт экен.

Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык жерден жер алары күтүлүп жаткан 950 мүчөсү бар «Рухий мурас» коомунун төрайымы, Бишкектеги жер алуучуларды координациялоо кеңешинин жооптуу катчысы Жайнагүл Калчаеванын айтымында, нааразылыктардын басылбай жатышына бир эле жерге айылдыктардын да, шаардыктардын да көз артып жатышы себеп болууда:

- Өкмөт башчылары биздин муктаж болгон жарандарыбыздын арыздарын угуп атышат. Колдон келишинче жардамдарын берип атышат, бирок аягына чейин чыкпай калып атат. Негедир, миңден ашык гектар жер берилгени менен, бүт бардык жер ушундай ызы-чуу менен бүтүп атат.

Ошондуктан, Жайнагүл Калчаеванын оюнда, азыр жагдай бир жаңсыл болуп калды деп айтыш кыйын:

- Себеби, биз алалы деп аткан 50 га. жердин үстүндө азыр бир эле «Рухий мурастын» мүчөлөрү эмес, төрт райондун кезекте турган эли бар, 22 коомдун мүчөлөрү бар, бардык тараптан келген эл бар.

Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков бул өтө олуттуу маселе, ошондуктан, бийлик бул маселени өтө кылдат чечүү аракетин көрүп келатат дейт.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Бишкекте үй куруу үчүн жерге муктаж тургундардын саны 32 миң чамалаш. Анын жарымы каттоодон өткөн. Жарандык коомдун маалыматы боюнча, азыр алардын баарын жер менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жетишпейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG