Америкалык "Дискавери" чөлмөгүнүн астронавттары бүгүн журналисттер үчүн космостон маалымат жыйынын өткөрүп, эртең ачык космоско чыгып, кеменин капталын оңдой турганын билдиришти. Чөлмөктү учуруу учурунда анын капталынан керамика үзүлүп кеткен жана кеме Жерге кайтканда, андан маселе чыгышы мүмкүн.