Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Судандын Элдик боштондук кыймылынын жаңы жетекчиси шайланды


Судандын Элдик боштондук кыймылы бүгүн өзүнүн жаңы жетекчиси кылып Салва Киир деген адамды атады. Мурдагы жетекчи Жон Гаранг ишемби күнү авиакырсыктан курман болгон. Үстүбүздөгү жылдын январында ал Судандын биринчи вице-президенти болуп дайындалган жана эми анын ордун Киир басууга тийиш. Кыймыл 21 жылдан бери өлкөнүн түштүк аймактарынын автономииясы үчүн күрөшүп келген.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан каза болгон Гарангды кечээ күнү мактады:

- Ал тынчтык үчүн жашап жана күрөшүп, Суданды бириктирген. Өмүрүнүн максатына жаңы жеткенде, шум ажал аны биздин катарыбыздан жулуп кетти.

Гаранг курман болгону жөнүндө кабар тарагандан кийин, Суданда элдик толкундоолор чыгып, 24 адам набыт кетти.

XS
SM
MD
LG