Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

БОЗГУНДАР БОЮНЧА ТАЛАШ УЛАНУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Учурда Ош обласынын утурумдук тергөө абагында кармалып турушкан өзбекстандык он беш качкындын тагдыры адам укуктарын коргоочу эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү укук коргоочулардын тынчсыздануусун жаратууда. Апта башында АКШнын Mамлекеттик департаменти жана Европа Биримдиги качкындар тууралуу билдирүү жасашты. Алар кыргыз бийлигинен он беш качкынды да Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү өтүнүштү.

Анжиян окуясынан кийин Кыргызстандын аймагына өтө качкан өзбекстандык атуулдардын тагдыры соңку бир нече күндөн бери дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп келет. Эл аралык уюмдар, айрым өлкөлөр жана жергиликтүү укук коргоочулар баш баанек издеген атуулдарды толугу менен Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүүнү талап кылышууда. Ал эми Өзбекстан бийлиги аларды толугу менен өзүнө кайтарып алууну көздөп келет.

Кызуу талаш-тартыштан соң кыргыз бийлиги өзбекстандык 439 атуулду үчүнчү өлкөгө өткөрүп берди. Калган он беш атуулду болсо кайрадан Өзбекстанга кайтарууну убада кылууда. Буга байланыштуу биринчи августта АКШнын департаменти, андан бир күндөн кийин Европа Биримдиги билдирүү кабыл алды. Алар кыргыз бийлигинен он беш качкынды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү өтүнүштү.

Эл аралык коомчулуктун жогорудагыдай билдирүүсүнө кыргыз бийлиги кандай карайт? Аткаруу бийлиги мурдагы көз карашынан өзгөргөн жокпу?- деген суроого Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мындайча жооп берди:

- Бул АКШнын эмес, ал өлкөнүн белгилүү бир саясатчыларынын пикири. Биз азырынча мурдагы эле пикирибизде турабыз.

Ал мындан сырткары эл аралык коомчулуктун билдирүүсү алардын көз-карашын өзгөртпөй тургандыгын да кошумчалады.

Кыргызстандын аткаруу бийлиги өзбекстандык качкындар боюнча түрдүү пикирде. Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов 2-августта «Азаттык» радиосуна берген маегинде кыргыз бийлиги он беш атуул боюнча саясий чечим кабыл алып, аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүп бергени оң деген пикирин билдирди. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров болсо, Башкы прокуратурада өзбекстандык он беш качкындын Анжиян окуясына чейин эле кылмыш жасагандыгын далилдеген документтер бар экендигин айтып, адам укуктары боюнча эл аралык декларацияга ылайык, алар өз мекенине кайтарыла тургандыгын айтып келет.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар он беш качкынды кайрадан Өзбекстанга өткөрүү Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктун алдында кадыр-баркын кетирет дешет. Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюм коалиция башчысы Эдил Байсалов мындай пикирде:

- Өзбекстанга жагыналы, ал өлкө менен чогуу бололу десек, бизге түздөн-түз кандайдыр бир санкция болбосо да эл аралык кадыр-баркыбызга доо кетет. Бул туура эмес. Качкындарды үчүнчү өлкөгө өткөрүп беришибиз керек.

XS
SM
MD
LG