Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Өкмөттүк комиссия Барскоондо жыйын өткөрдү


3-августта Жетиөгүз районун Барскоон айылында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медебек Керимкуловдун жетекчилигинде мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Анда 27-июлдан бери аталган райондогу беш айылдын 300дөн ашуун тургундарынын Кумтөр кенине баруучу автожолду буушуп, “Кумтөр Оперейтинг Компаниден” мындан жети жыл мурдагы кырсыктан жапа чеккендерге дүйнөлүк стандарт менен компенсация төлөп берүү жана башка 9 талап боюнча маселе каралды. Айылдыктар Кумтөргө жергиликтүү тургундарды да жумушка алуу талабын коюшту. Бул маселе боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топ экономикалык, экологиялык, социалдык маселелерди ишке ашыруу боюнча пландаштырып, анын аткарылышы тууралуу бир айдан кийин өкмөттүк комиссияга отчет бере турган болду.

XS
SM
MD
LG