Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Германияда Борбор Азия өлкөлөрүнүн оппозиция өкүлдөрү чогулду


БИШКЕК. 29-30-июлда Берлин шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн демократиялык конгрессинин кезектеги жыйыны өттү. Анын ишине Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын оппозициялык күчтөрү, оппозициялык партияларынын өкүлдөрү катышты. Конгресстин жыйынында Борбор Азиядагы саясий кырдаал, оппозициялык күчтөрдүн аракеттеринин башкы багыттары жана Кыргызстандагы март ыңклабы жөнүндө талкуулар болду. Бул тууралуу 3-августта жыйынга катышып келген «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн оппозициялык күчтөрү башкы максат катары Борбор Азиядагы Кыргызстандан башка 4 мамлекеттеги диктаторлук режимдерди кулатууну көздөшүүдө. Алар бул өлкөлөрдө тынч жол менен бийликти алмаштыруунун жана демократиялык өкмөттөрдүн түзүлүшүнө жол ачуунун зарылдыгы тууралуу айтышууда. 1991-жылы түзүлгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн демократиялык конгрессинин кезектеги 6-жыйыны ушул күздө Батыш өлкөлөрүнүн биринде өтөт.

XS
SM
MD
LG