Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Турсунбек Акунга эскертүү берилди


БИШКЕК. Башкы прокуратура президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акунга эскертүү берди. Анда эгерде Турсунбек Акун Башкы прокуратуранын ырасмий адамдарына карата негизсиз билдирүүлөрдү таратууну токтотпосо, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаары белгиленген. Бул тууралуу 3-августта Баш прокурордун орун басары Нурланбек Жээналиев билдирди. Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы ушул эле күнү бул билдирүүнү сынга алды.

Турсунбек Акын 1-августта маалымат жыйынын өткөрүп, «Кыргызстанда калган 15 өзбек качкындарынын тагдырын Баш прокурор Азимбек Бекназаров өзүнүн жоопкерчилигине алып жатат. Ал өзүнө өтө чоң жоопкерчиликти алууда», -деп айткан. Баш прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Оштогу убактылуу абакта кармалып турган 15 өзбек атуулу оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча далилдүү фактылар бар, ошондуктан алар качкын макамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт.

XS
SM
MD
LG