Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Аятолла Али Хаменейи Ирандын жаңы президентине батасын берди


Махмуд Ахмадинежад бүгүн ырасмий түрдө Ирандын президенттинин кызматына киришти. Ислам Иран Республикасынын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи бүгүн болгон салтанатта бул жөнүндө жарыя кылды. Тегерандын эскичил мэри, 48 жаштагы Ахмединежад июнда болгон шайлоодо буга дейре эки мөөнөт президенттик кылган Хашеми Рафсанжанини жеңип алган. Махмуд Ахмадинежаддын жеңиши Ирандагы бардык саясый бийлик консерваторлордун колуна өттү дегенди түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG