- Эркин мырза, Өзбекстандын чегарачылары сизди эмне үчүн кармап кетишти?
- 18-июль күнү кечки саат алтылар чамасында кыргыз-өзбек чегарасынан өтүп жаткан чагымда Өзбекстандын чегарачылары кармады. Паспортумду көрсөткөндөн кийин менин рюкзагымда эмне барына кызыгышып, көрүп, токтотуп кармап калышты.
- Тергөө абагындагы сурак учурунда кандай суроолор болду?
- Сурак учурунда кайда иштээримди, эмне максат менен Өзбекстан тарапка өтүп жатканымды сурашты. “Азаттык” радиосунда иштейсиңби, иштебейсиңби?- дешти. Мен аларга ачык, жок мен “Азаттыкта” иштебейм деп жооп бердим.
- Жекече буюмдарыңызды тинтүү учурунда Анжиян окуяларын иликтөөгө байланышкан журналисттик материалдар табылган деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Анжиян маселеси туурасындагы топтогон анча-мынча маалыматтарым бар эле. Аны көрүшүп, эмне үчүн топтоп атасың, кандай максаттарың бар, объективдүү бересиңби, кимдер берген интервьюларды, информацияларды?-деген суроолор болду.
- Баш-аягы ал жакта канча убакыт болдуңуз жана сизге карата күч органдарынын мамилеси кандай болду?
- Мен Өзбекстандын аймагында 11 күн болдум. Анын 3 күнүн “Достук” бажы пунктунда, 8 күнүн Анжиян облусунун коопсуздук кызматынын абагында өткөрдүм. Мага кылган мамилелери жакшы эле болду, эч бир күч колдонгон жок мага карата.
- Бошотулушуңузга түздөн-түз кимдер себепкер болду деп ойлойсуз?
- Бошогонума эң биринчиден Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн барышы себеп болду болуш керек. Анан дагы бул жердеги эң чоң ролду журналисттер ойноду деп ойлойм.
- Ушундай окуядан кийин журналисттик ишиңизди улантуу ниетиңиз барбы?
- Албетте, алектенем деп ойлойм. Азыр көз карандысыз журналист катары иштерди жүргүзүп, мурдагы калып кеткен макалаларымды жазып жатам.