Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин Женевадагы өкүлү Астрид Ван Гендерен Шторт “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Румыния өзбекстандык качкындарды өзүндө алты айдан ашуун мезгилге алып турууга макулдугун берген. Анткен менен, бозгундарга туруктуу жашоо жерин табуу иши алда канча эрте бүтүп калышы да ыктымал. Бул мезгил эки аптадан эки айга чейин созулуп калышы мүмкүн, дейт Шторт.
- Биздин оюбузча, бул айрым мамлекеттер үчүн өтө кыска убакытта, эки жуманын тегерегинде бүтөт, бирок айрым башкалары үчүн узагыраакка, эки айга созулуп кетиши мүмкүн. Мунун баары кайсыл өлкө канча адамды ала тургандыгына, анан башка бир документтердин даярдалышына байланыштуу болот. Кантсе дагы, иш алты айдан аз убакытты алат.
Азырынча Румыниянын Тимисоара деген жеринде жашап жатышкан 439 качкынды Кошмо Штаттар, Австралия жана Канада кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти. Бозгундарга эшигин ачууну каалаган мамлекеттердин тизмеси Скандинав өлкөлөрү жана Британия менен толукталышы да мүмкүн.
Ван Гендерен Шторттун айтымында, азыр кайсыл мамлекетке канча адам жөнөтүлөөрү талкууланып жатат.
- Тигил же бул мамлекетке жиберилчү бозгундардын санын так аныктоо иши баштап эле чечилиши зарыл. Ушул тапта качкындарды кабыл алууга даяр мамлекеттердин айрым өкүлдөрү Румынияга келе башташты. Биз бул маселени алар менен жакынкы күндөрү талкуулайбыз.
Ал “Азаттыкка” кабарлагандай, Улуттар уюму Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык качкындын дагы бирөөсүнө 3-августта “качкын” макамын берди. Ошентип, Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги ырасмий түрдө 12 адамды “качкын” деп тапты, ал эми калган 3 адамдын статусу жакынкы күндөрү такталмакчы.