БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан атуулдарга жардам берүү максатында мамлекеттин эсебинен 82 миллион сом бөлүү тууралуу буйрук чыгарды. Мындай каражат жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан атуулдарга узак мөөнөттө кредит түрүндө берилет.