Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Төрт бозгундун Өзбекстанга өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Башкы прокуратура Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген атуулдардын ичинен төрт атуулдун Өзбекстанга өткөрүп берилиши боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө баштады. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, ал атуулдарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Башкы прокуратуранын же БУУнун өкүлдөрүнүн уруксатысыз эле Өзбекстанга өткөрүп беришкен. Эскерте кетүүчү нерсе, Анжиян окуясынан кийин бир нече күндөн кийин Кыргызстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбекстандык төрт атуулду Өзбекстанга өткөрүп беришкен. Бейрасмий маалыматтарда, ал төрт атуулду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акчага сатып жибергендиги тууралуу айтылган.

XS
SM
MD
LG